Депутат: Атамбаев маселесин караган комиссияда арты таза эмес адамдар бар

Жазылуу
Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы эки күндөн бери Алмазбек Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу маселесин карап жатат.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин атайын комиссиясындагы айрым адамдар мурдагы жоруктары үчүн комиссия сынга кабылат. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын жыйынында анын мүчөсү Евгения Строкова билдирди.

Кечээ, 17-июнда, ЖКнын атайын комиссиясы Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу маселесин карады. Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаевге кандай айыптар коюлуп жатканын тизмектеп берген. Ал ошондой эле Атамбаев убагында өкмөттүн ишине кийлигишип, ТЭЦти жаңылоо чечимин кабыл алганын белгилеген. УКМКнын маалыматы боюнча, Атамбаевдин ТЭЦти модернизациялоодогу коррупциялык иштерге катышы өзүнчө тергелип жатат

"Биздин мойнубузда оор жүк турат. Алгач экс-президенттин бул кылмыштарга канчалык тийиштиги бар экенин карап, андан соң "экс" макамын алуу маселесин карасак моралдык жактан туура болмок. Себеби баары жакшы болуп турса, эч нерсе катталбаса, "экс" макамын алып салууга негиз жок болуп калат да. Мыйзам чегинде иш алып баруу үчүн туура кадамды кантип жасаш керек?" — деп суроо салды Строкова.

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Шамил Атаханов суракта Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди
Анын айтымында, кээ бирлер комиссия айыптоолорду бир беткей карап жатат (9 пункт) деп сынга алууда.

"Бир нерсе айтайын, баарыңарга жакпашы мүмкүн. Комиссиянын дарегине да терс сөздөр айтылат, анткени арабызда арты таза эмес адамдар отурат. Келгиле, кийин туура эмес чечимибиз үчүн жоопкерчиликке тартылып калбагыдай иш жасайлы", — деп эл өкүлү кошумчалады.

Экс-президентти жоопкерчиликке тартуу тартибин даярдалган материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0