18:29 24 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.4884
  • EUR79.1230
  • RUB1.1046
Депутат ЖК 6 созыва от фракции СДПК Кожобек Рыспаев во время заседания. Архивное фото

"Биз чимкирик эмес, кыргыз элинин элитасыбыз!" Депутат Рыспаев ачууланганда

© Фото / пресс-служба ЖК КР
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
1633 0 0

Депутат "өңүң жакпайт" деген аткаминер журналисттердин талоонунда калганын мисал келтирип, кесиптештеринин унчукпай отурганына нааразы болду.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев экс-президент Алмазбек Атамбаев парламентарийлерди келекелеген сөзү үчүн жооп берсин деген билдирүү жасады. 

Эл өкүлү бүгүн, 12-июнда, жалпы жыйында ачууланып сүйлөп, төрагага кайрылган.

"Мына өзүңөр көрүп жатасыңар, Жогорку Кеңеш, биз, бир эмес, эки жолу чимкирикке айландык. Коомчулукта "ЖК эмне унчукпай отура береби?" деген сөздөр айтылууда. Сизге төрага катары кайрылып коёюн, Туйгунаалыны (өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү — ред.) өңүң жакпайт дегени үчүн журналисттер талап жеп коё жаздады. Экс-президентибиз урматтуу Жогорку Кеңешти "чимкирик" деп улам-улам айтып жатса, биз унчукпай отурабыз. Дастан Артисбекович, сиз төрагасыз, биздин укугубузду коргошуңуз керек. Оозунан чыккан сөзгө жооп берсин, сиз да жоопкерчилигин сураңыз. Бул жерде чимкирик, какырыктар жок. Кыргыз элинин элиталары, саясий элиталар отурат", — деп ызаланды Рыспаев.

Эскерте кетсек, 8-июнь күнү "Форум" имаратында экс-президент Алмазбек Атамбаев "Коррупцияга каршы реалдуу күрөш" урааны алдында митинг өткөргөн. Анда сүйлөп жатып депутаттарды "чимкириктер" деп атаган. Мындай сөзүн алгач ирет  буга чейинки митингде айткан болчу.

Тема боюнча

Матраимовду эч нерсе кыла албадыңар! Сурабалдиеванын Финполго жинденген видеосу
Столду бир чаап туруп кетти! Абдраимовдун журналисттерге жасаган жоругу видеодо
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, депутат, Кожобек Рыспаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ