21:24 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Депутат Акылбек Жапаров. Архив

Депутат: өкмөттүн мүчөлөрүнө тарбиялык саат өтүү керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
96 0 0

Эл өкүлүнүн айтымында, өкмөттүн айрым мүчөлөрү кимге баш иерин деле билбейт.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Депутат Акылбек Жапаров өкмөттүн мүчөлөрүнө кимге баш ийиши керектиги боюнча атайын тарибиялык саат өтүүнү сунуштады.

Бүгүн, 31-майда, "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны болду.

Жапаров MegaCom компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловго кайрылып, мамлекеттик иште иштеп жаткандан кийин үстөмдүк кылып жаткан кишилердин ким экенин сурап коюу зарылдыгын айтты.

"Өткөндөгү жыйында бажасынын документин сурадыңызбы десем, "жок, сураган жокмун" дедиңиз. Мамлекеттик иште иштеп жаткандан кийин "Сен кимсиң? Кимдин атынан келдиң? Эмне эле бакылдайсың!»  деп сурап коюш керек. Этиканы сактаганды үйрөнөлү да. Өкмөттүн мүчөлөрүнө кимге баш иесиңер, кимге баш ийбейсиңер деп тарбия сабагын да өтүш керек экен. Урматуу премьер-министр, Президенттин алдындагы башкаруу академиясынан баарын бир сыйра окутуп туруп албасаңыз болбойт. Сунуштаган кишилерди ала берип азыркыдай кейипти кийбеш керек", — деди Жапаров.

Депутат, андан сырткары, "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын айланасында болгон окуялар урук-тууганга, анын ичинен бажаларга катуу эскертүү болгонуна токтолду.

"Бажаларга чоң, катуу коңгуроо болду деп эсептейм. Мындан ары ага-туугандар дагы өзүнүн жакындары мамлеккеттик иште иштей турган болсо абайлап, аярлап мамиле кылуусу керектигин унутпашы керек. Биздин комиссиянын экинчи отурумуна чейин эле беш киши кызматтан кетти. Дагы көп киши кетип калышы ыктымал", — деди ал.

Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү алардын иши туура багытта бара жатканын жана жыйынтыгында ар бир мамлекеттик органдын жоопкерчилиги каралып, баа бериле турганын эскертишти.

Тема боюнча

Сурабалдиева: Матраимовдордун маселесин бир да эркек депутаттын көтөрбөгөнүнө уялам
Момбеков: "бажа гейт" аяктай электе "бажы гейт" чыкты
Белгилер:
кадрлар, билим берүү, "КТ Мобайл" ЖЧКсы, Акылбек Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ