13:47 19 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү органдардын жетекчилерин демилгесиздиги жана аймактарды өнүктүрүү чараларынын жоктугу үчүн сындады

Нарын облусунун жетекчилери премьердин каарына калды

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
39101

Премьер мал чарбачылыгын жакшыртуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү, кен компаниялары менен активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү органдардын жетекчилерин демилгесиздиги жана аймактарды өнүктүрүү чараларынын жоктугу үчүн сындады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе рабочей поездки в Нарынскую область провёл совещание с руководителями местных  органов власти региона
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү органдардын жетекчилерин демилгесиздиги жана аймактарды өнүктүрүү чараларынын жоктугу үчүн сындады
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе рабочей поездки в Нарынскую область провёл совещание с руководителями местных  органов власти региона
    Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр акимдерге республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган инфратүзүмдүк жана социалдык объектилердин курулушунун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе рабочей поездки в Нарынскую область провёл совещание с руководителями местных  органов власти региона
    Мындан тышкары, премьер мал чарбачылыгын жакшыртуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү, кен компаниялары менен активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү органдардын жетекчилерин демилгесиздиги жана аймактарды өнүктүрүү чараларынын жоктугу үчүн сындады

Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр акимдерге республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган инфратүзүмдүк жана социалдык объектилердин курулушунун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды.

"Биз жаңы жумуш орундарын түзбөстөн экономиканы көтөрө албайбыз. Бул багытта ишкерликти өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп, жаңы ишканаларды жана жумуш орундарын түзүүнү каалаган жаштарды колдоого тийишпиз. Инфратүзүмдүк объектилердин курулушун, айрыкча калкты таза суу менен камсыздоо жана билим берүү мекемелерин тийиштүү көзөмөлгө алгыла. Бүгүн биз, тилекке каршы, жергиликтүү жетекчилердин өз милдеттерине кайдыгер мамилесине күбөбүз. Эч демилгесиз, райондордун жана шаарлардын экономикасын өнүктүрүү маселелерин түшүнүшпөйт", — деди Абылгазиев.

Мындан тышкары, премьер мал чарбачылыгын жакшыртуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү, кен компаниялары менен активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Тема боюнча

15 млн. евролук келишим. Бишкекте Суу форуму өтүп жатат
Белгилер:
өкмөт, Нарын, Мухаммедкалый Абылгазиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ