03:04 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алуу учурунда

Сооронбай Жээнбеков Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
76 0 0

Элчи Жээнбековго Россиянын президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнү менен куттуктоо сөздөрүн айтты.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, тараптар Улуу Жеңиш майрамын утурлай бири-бирин куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Биз сиз менен майрамдын — Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 74 жылдыгынын алдында жолугушуп жатабыз. Биздин аталарыбыз кажыбас кайраттуулукту, өз өмүрүн курмандыкка чалууга даярдыгын жана мекенге болгон чексиз сүйүүсүн көрсөтүшкөн. Биздин элди кан майданда салгылашкан жоокерлердин эрдиги менен сыймыктануу сезими бириктирип турганын далилдеген ачык мисал — бул "Өлбөс полк" акциясы. Кыргызстанда бул акцияга жыл сайын 10 миңдеген жаран катышат", — деди президент.

Ал эми элчи Жээнбековго Россиянын президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнү менен куттуктоо сөздөрүн айтты.

Удовиченко элчи катары аткарган жумуштарын, анын алкагында республиканын аймактарына барып жатканын айтып, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык аракеттерди жумшай турганын белгиледи.

Мындан ташкары, тараптар Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары маалындагы макулдашуулар жана Бишкекте өтө турган ШКУнун саммити боюнча пикир алмашты.

Тема боюнча

Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, жолугушуу, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ