Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбековду Кытайга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда. Архив
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушчу сапар апрель айына белгиленген.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымына караганда, жумушчу сапар апрель айына белгиленген.

"Сооронбай Жээнбеков "Бир алкак — бир жол" аттуу эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна катышат. Эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган жок. Бирок биз кытай досторубуз менен Кытай президентинин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапарын уюштуруу үчүн активдүү даярданып жатабыз", — деди Сыдыков.

Путиндин Кыргызстанга болгон сапары 5 мүнөттүк видеодо - Sputnik Кыргызстан
Путиндин Кыргызстанга болгон сапары 5 мүнөттүк видеодо
Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында болот.

Сыдыковдун айтымында, сапардын алкагында соода-экономикалык, аскерий-техникалык жана маданий-гуманитардык жааттагы документтерге кол коюу күтүлүүдө. Ошондой эле эки өлкөнүн башчылары ШКУ менен башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашат.

ШКУнун саммити үстүбүздөгү жылдын 14-15-июнунда Бишкек шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0