Жээнбеков: элчиликте иштеген айдоочулар да чет тилди билиши керек

Жазылуу
Өлкө башчысы Түркия менен Бельгияга болгон сапары учурунда кыргыз тилинен которуп бере турчу адистер жок болгонун мисал келтирди.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элчилери менен жолугушууда элчиликте иштегендер кыргыз тилин жана барган мамлекеттин тилин билбей турганын айтып, нааразычылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы Түркия менен Бельгияга болгон сапарларын мисал келтирди.

"Мамлекеттик тилден которуп бере турган адистер жок болуп чыкты. Брюсселде расмий тилде сүйлөдүк. Түркияда дагы котормочу жок экен. Дагы жакшы, университеттердин биринде сабак берген мугалимди таптык", — деди президент.

Ал ошондой эле бардык элчиликтердеги кызматкерлер кыргыз тилин билиши абзел экенин айтты.

Фотовыставка, посвященная 90-летию писателя Чынгыза Айтматова в библиотеке ООН в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы түзүлдү. Эмне иш аткарат?
"Котормочу албаш үчүн бухгалтерден баштап айдоочуга чейин тил билүү керек. Чет жактагы элчиликтерде парашюттан түшкөндөр болбошу зарыл. Ошондо ТИМ менен дипломаттарга ишенич болуп, алар өнүгө баштайт. Эгер биздин элчиликте президент барган мамлекеттеги тилге которуп бере албаса, анда ал эмне деген элчилик? Анда бул элчилик эмес", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчысы ошондой эле татыктуу кадрларды тарбиялоо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0