Бүгүн соттор майрамын белгилеп жатат. Жээнбеков куттук сөз айтты

Жазылуу
Президент көз карандысыз жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп, демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эместигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков көз карандысыз жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп, демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эместигин баса белгиледи.

"Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө адилеттүүлүк жана акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет. Ошондуктан мамлекет кийинки жылдары сот системасын терең реформалоого жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүп жатат", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жээнчороев: атайын тапшырма күткөн соттор бар
Ал ошондой эле сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, сот отуруму өткөн залдар мезгилдин талабына ылайык жабдылып жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, мыйзам алдында бардыгы бирдей экенине элдин ишенимин бекемдөөгө, соттун адилеттүүлүгүн арттырууга сот системасынын ар бир кызматкери өз салымын кошот деп ишенерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0