Президент 10 жаңы сотту дайындап, бешөөнү жактырган жок

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбековго Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна жана Бишкек шаардык сотуна бирден талапкерди, Жалал-Абад облустук сотуна — 9 жана Баткен облустук сотуна 4 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2019-жылдын 22-февралында мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү.

Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент жергиликтүү сотторго 10 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Жалал-Абад облусунун Токтогул району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул районунун акими дайындалды
Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, мамлекет башчысы 5 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү соттордун 10 талапкери боюнча Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргызстандын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялары болуп 10 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзөт. Алар:

Бишкек шаардык сотуна — Жамиля Абдымомунова;

Жалал-Абад облустук сотуна — Өмүрбек Абдыразаков, Шакирали Акбаров, Сүйүнбек Бекташов, Ильяс Ботоев, Каныбек Токтосун уулу;

Баткен облустук сотуна — Арзыбай Абдураимов, Мадамин Азимжанов, Нургазы Алимкулов, Гүлмира Кожобекова.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0