10:50 25 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6179
  • EUR102.9631
  • RUB1.1473
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
71 0 0

Исаев учурда Кыргызстандын Франциядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болуп иштейт.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Индиядагы толук ыйгарым укуктуу элчилигине талапкер катары Асеин Исаевди көрсөттү. Бул туурасында парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинен билдиришти.

Азырынча комитет анын талапкерлигин качан карай турганы белгисиз.

Асеин Исаев учурда Кыргызстандын Франциядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болуп иштейт. Ага чейин ал Тышкы иштер министрлигинде статс-катчы, Аскар Акаевдин тушунда президенттик аппаратта эмгектенген. Эмгек жолун Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда мугалим болуп баштаган.

Тема боюнча

АКШдагы, Россия, Кытай жана Түштүк Кореядагы элчилер дайындалды
Атамбаевдин мурдагы катчысы АКШдагы элчи кызматынан бошотулду
Белгилер:
талапкер, элчи, ТИМ, Асеин Исаев, Индия

ЭҢ МААНИЛҮҮ