Жээнбеков кызматтан алган сот Жаркеевага кылмыш иши козголду

Жазылуу
Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, ал жарандык ишти карап жатканда мыйзам бузган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун судьялыгынан кетирилген Э.Ж. аттуу жаранга кылмыш ишин козгоду.

Генеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура Бакиевдер 300 миллион доллар чыгарып кеткен деген Гуревич тууралуу
Маалыматка ылайык, сот Элвира Жаркеева жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кызматтан алынган. Ал кызмат ордунан КР Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясынын сунушу менен мөөнөтүнөн мурда кетирилген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, кызматтык жасалмалуулук кылган жана туура эмес сот өкүмүн чыгарган деп айыпталууда. 2016-жылы 5-июлда сот Жаркеева кыргызстандык А.Э. аттуу жарандын арызын жарандык ишти белгиленбеген тартипте каттоого албай караган.

"Иш сот өндүрүшүнүн нормаларын бузуу менен каралып, мыйзамсыз өкүм чыгарылган. Ал өз кезегинде менчик ээсинин алмашуусуна алып келген. Анын кесепетинен "С" ЖЧКсынын директору Ш.И. аттуу жарандын укугу менен кызыкчылыгына доо кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Свердлов райондук сотунун айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, иштин сот Э.Ж. тарабынан каралышын камсыздашканы маалыматта белгиленет.

2018-жылы 3-апрелде Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, жарандык иш биринчи инстанциянын кайра кароосуна жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0