Жогорку Кеңеш КР акыйкатчылыгына Токон Мамытовду шайлады

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын акыйкатчылыгына шайланган Токон Мамытовдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын акыйкатчылыгына шайланган Токон Мамытовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыйкатчылык кызматка жалпысынан төрт киши талапкер болду.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын акыйкатчылыгына Токон Мамытовдун талапкерлигин жактырды. Добуш берүү жашыруун өтүп, Рита Карасартованы 9 депутат, Рыскул Бактыбаевди 6 депутат, Канатбек Азизди 19 жана Токон Мамытовду 79 депутат колдоду.

Баарына каршы деп эки депутат добуш берген. 

Жаңы шайланган Токон Мамытов сөз алып, ага ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылыгын билдирди.

"Ушул кызматка мени шайлап, ишеним көрсөткөнүңөр үчүн ыраазычылыгымды жана рахматымды айтам. Талкууда жакшы сунуштар, ой пикирлер айтылды. Башка талапкерлердин да жакшы сунуштары болду. Ошолордун бардыгын жазып алдым, кызматка барганда иш жүзүнө ашырганга аракеттенем. Кыргызстанда тынчык, стабилдүүлүк болсун, адам укугу сакталсын. Баарыңарга рахмат", — деди Мамытов.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамытов Бакиевдин башкаруусуна каршы чыгып ким ишин таштаганын айтты
Депутаттар акыйкатчылыкка Рита Карасартованын, Рыскул Бактыбаевдин, Токон Мамытовдун жана Канатбек Азиздин талапкерлигин карады.

Акыйкатчы кызматына үч фракция беш талапкерди көрсөткөн. Бирок талкуу учурунда Маматурайим Момунов өзүнүн талапкерлигин алды.

Ар бир талапкер Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында эгер акыйкатчы болуп шайланып калса, ишти эмнеден баштай турганын айтып беришти. Андан тышкары, отузга жакын депутат суроолорун узатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0