БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Лада Орозбаева кызматын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Орозбаева 2014-жылдан бери ушул кызматта иштеп келген. Эми анын ордуна Улуттук банктын кадр бөлүмүнүн начальниги Мээрим Момункулова келди.