Аламүдүн РИИБин жетектей турган Талантбек Асаналиев деген ким?

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиНачальник ОВД Аламудунского района Талантбек Асаналиев
Начальник ОВД Аламудунского района Талантбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жетекчи ички иштер органдарында 1993-жылдан бери эмгектенет.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Талантбек Асаналиев Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

4-августта милициянын облустук башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов аны коллективге тааныштырды.

Работа ГУОБДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунда бир жумада 5400гө жакын жол эрежеси бузулду
Асаналиев Талантбек Калыбекович 1975-жылы туулган. ИИМдин алдындагы Бишкек жогорку мектебин аяктаган.

1993-жылы Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын 8-шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызматкер жана башкы кызматкер болуп иштеген.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын, Бишкек шаардык кылмыш иликтөө башкармалыгын, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2-шаардык милиция бөлүмүн жетектеген.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек ШИИБ кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Бишкек ШИИБ криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

2018-жылдын июнь айынан бери ал ИИМдин криминалдык милиция кызматынын экинчи башкармалыгын жетектеп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0