Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдү эки күн кыдырат

Жазылуу
Өкмөт Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондору менен Каракол шаарында дагы болот.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-7-июлда эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын текшерип, "Балыкчы — Корумду" унаа жолунун, Ысык-Көл районундагы альтернативалык "Семеновка — Григорьевка" унаа жолунун курулушун карап чыгат жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун ишмердиги менен таанышат", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев экономиканы өнүктүрүү боюнча жасалчу негизги иштерди атады
Андан сырткары, премьер-министр 2018-жылдагы жайкы туристтик мезгилди уюштуруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме жана аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрөт.

Өкмөт башчы ошондой эле Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондору менен Каракол шаарында дагы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0