Жогорку соттун төрайымы Токбаева Токтогулда эмне мал-мүлкү бар экенин айтты

Жазылуу
Төрайым декларациясын эч кимден жашырбай турганын айтты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева туулуп-өскөн жери Токтогулда 7,5 сотых жер тилкеси бар экенин, ага өзүнө ылайыктуу чакан турак жай куруу тилеги бар экенин журналисттер менен жолугушуу маалында декларациясы тууралуу суроого жооп берип жатып айтты.

Төрайым декларациясын эч кимден жашырбай турганын белгиледи.

"Декларациямда бардык мүлкүмдү ачык көрсөткөм. Жашыра турган эч нерсем жок. Туулган айылымдагы жериме бардык шарттары бар чакан үй салып алсам деп ойлоп жүрөм. Анткени жериңе, туугандарыңа сагыныч болбой койбойт экен. Айылга бир айга барамбы, бир жумага барамбы, ошол үйдө жашап турам деп ойлойм. Андан тышкары, айылда бир аз малыбыз бар. Кыргыздарда бул мыйзам ченемдүү нерсе эмеспи. Алыш-катыш, кошумча деген болот. Өзүбүз бала-бакыра менен союп жейбиз", — деп түшүндүрдү төрайым.

Ошондой эле ал декларацияда көрсөтчү кымбат баалуу үч нерсе сатып ала элегин, айлыгынан ашып калган тыйын-тыпырды ошол үйүнө кошумча болуп калабы деп чогултуп жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0