БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Баш прокурорлукка президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
Эскерте кетсек, буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Жамшитовдун талапкерлигин карап жактырган.
Жалал-Абад облустук прокуратурасын жетектеп келген Жамшитов 43 жашта.
Ал эми экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева тагылган милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткара алган жок деген жүйө менен жумуштан алынган.