Маммүлктүн мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков темир торго киргизилди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков. Архив
Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш ишинин козголушуна Бакиевдердин VIP-шаарчасынын арзан сатылып кетиши негиз болгон

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков тергөө абагына отургузулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМден кабарлашты.

11-апрелде милиция Казаковду камакка алган.

Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Исаков Текебаевдин камерасынан видеокөзөмөлдү алып салууну тапшырды
Кылмыш ишин козгоого баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетиши себеп болгон.

ИИМ аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренелеринин (менчиктештирүү, салык, бажы жана уруксат лицензиясын берүүдө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Казаков эки күн мурда убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0