БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Астанада 15-март күнү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жумушчу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Казакстандын президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Түркмөнстандын атынан Межлистин төрагасы Акджа Нурбердиев келе турган болду", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖМКнын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда аталган жыйынга катышарын билдирген.