00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Что нового подготовили организаторы VI Всемирных игр кочевников в Кыргызстане
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кыргызстан между санкциями и экономикой — чем грозит ЕС?
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Коопсуздук кеңеши укук коргоо орган жетекчилеринин мүлкүн текшерет

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлеринин погондору. Архив
ИИМ кызматкерлеринин погондору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында коррупция менен күрөшүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынган

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алып, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимин ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө кабардар болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин чечими 45 иш-чараны камтыганын, алар учурда ишке ашырыла баштаганын белгиледи.

"Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жана КР Башкы прокуратурасына 2016-2017-жылга карата токтотулган же жабылган кылмыш иштеринин тизмеси берилди. Материалдар Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин бир айдын ичинде келип түшүп, 10-мартка чейин алар боюнча тиешелүү талдоо жүргүзүлдү. Бүгүн бул материалдардын баары президентке таанышуу үчүн берилди", — деп Коопсуздук кеңешинин катчысы билдирген.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында иштегендердин декларациясын текшерүү механизмин караган токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Ал жакын арада кабыл алынары күтүлүүдө.

"Укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жеке иштери суралды, учурда алар текшерилип, декларацияланган мүлкү боюнча маалыматтын чындыгын текшерүү боюнча терең анализдөө иштери жүрүп жатат", — деди Сагынбаев.

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына президенттин дарегине түшүп жаткан билдирүүлөр жана арыздарга өзгөчө көңүл буруп, аларга өз учурунда жооп берүүнү тапшырды.

Сагынбаев бардык мамлекеттик органдарда, анын ичинде Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарында коррупцияны жоюу боюнча пландар кабыл алынып, ишке ашырыла баштагандыгын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0