ТАШКЕНТ, 13-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун өзбек тарап дагы колдоого алып, жакынкы келечекте ишке ашат. Бул тууралуу Шавкат Мирзиёев кеңири форматтагы жыйын учурунда билдирди.
Бүгүн, 13-декабрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Ташкентке расмий иш сапары менен барды.
"Кытай эли дагы бул долбоордун ишке ашып кетишине чоң салым кошот деп ишенем. Бул үч өлкө үчүн тең стратегиялык маанилүү кадам", — деди Мирзиёев.
Ошондой эле ал ишкерлик чөйрөсүндөгү кызматташтыкты жакшыртууга кызыкдар экенин жашырган жок.
"Өтүп бара жаткан жылда кыргыз-өзбек ишкерлери 4 жолу кезигип, бир катар келишимдерди түзүүгө жетишти. Алар саясатчылардын демилгеси жок эле өздөрү кезигип, бир чечимге келип жатканы кубандырат. Демек бул мезгилдин талабы. Жакынкы келечекте товар айландыруунун көлөмүн 500 миллион долларга жеткиребиз деген пландар бар", — деди өзбек лидери.
Мунун ичинен экспорт — 109,0 миллион доллар (17 пайызга өсүү) болсо, импорт – 122,1 миллон долларга (2,6 эсе) жетти.
Өзбекстантандан жер семирткич, жер-жемиш, желимден, түстүү жана кара металлдан жасалган буюм-тайымдар импорттолот. Ал эми КРден коңшу мамлекетке көмүр, картошка, электроэнергия, айнек, цемент экспорттолот.