Жээнбеков Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы салык келишимин мыйзамдаштырды

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Минск
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Минск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимде салык боюнча мыйзам бузуулардын алдын алуу, аныктоо жана бул жаатта өз ара жардамдашуу маселелери каралган

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан менен эки тараптуу жардам жана салык мыйзамдарын сактоо жаатында кызматташуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Өзбекстанга болчу иш сапарында кайсы маселелерди көтөрө турганы айтылды
Келишим ушул жылдын 5-сентябрында эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда түзүлүп, аны Жогорку Кеңеш 7-декабрда жактырган.

Мыйзамда салык боюнча мыйзам бузуулардын алдын алуу, аныктоо жана бул жаатта өз ара жардамдашуу маселелери каралган.

Ошондой эле аталган документте салык алуунун эл аралык сестемаларында көп кезиге турган көйгөйлөрдү чечүү жолдору камтылган.

Мыйзам жарыялангандан кийин 10 күн ичинде күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0