Мамкаттоо кызматы Американын Соода палатасынын сыйлыгына татыды

Жазылуу
Кыргызстандагы Америкалык соода палатасы — өзүнө 70тен ашуун компанияны камтыган эл аралык бизнес-ассоциация

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Американын Соода палатасы Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматын инновациялык технологиялар жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлады. Бул тууралуу каттоо ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка караганда аталган палата өз тарыхында биринчи жолу мамлекеттик органга сыйлык тапшырган.

Атамбаев Назарбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев 6 жылда кимдердин даражасын көтөрдү. Экс-ажодон сыйлык алгандар
"КРдин Мамлекеттик каттоо кызматына мындай урмат биометрикалык паспорттор, "Таза Коом" долбоорунун алкагындагы онлайн кызматтар жана "Бирдиктүү терезе" принцибинде иштеген калкты тейлөө борборлорунун ачылгандыгы үчүн көрсөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандагы Америкалык соода палатасы — өзүнө 70тен ашуун компанияны камтыган эл аралык бизнес-ассоциация. Ал ыңгайлуу жана атаандаштыкка туруштук бере турган бизнес чөйрөсүн түзүү менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0