БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргызстандын баатыры" наамын берүү керек. Мындай сунушту депутат Сайдулла Нышанов парламентте сүйлөп жатып киргизди.
Анын айтымында, аталган сунушту шайлоочулар демилгелеген.
"24-ноябрда Алмазбек Атамбаев президенттик кызматты өткөрүп берет. Шайлоочулар менен жолукканда өз сунуштарын айтышты. Атамбаевдин тарыхта кала турган эмгектери көп болду. Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу, Датка — Кемин линиясы жана дүйнөнү таң калтырган шайлоо өткөрдү. Анын эмгеги 50-100 жылдан кийин да тарыхта калат. Өзгөчө президенттик кызматты өз убагында демократиялык жол менен өткөрүп бериши — сыймык. Бул тарыхый окуя болуп калды. Ошого байланыштуу Алмазбек Шаршеновичке "Кыргызстандын баатыры" деген наам берүү керек", — деди Нышанов.
Эл өкүлү президенттик тактыны демократиялык жол менен өткөрүп берүү Орто Азияда алгачкы ирет болуп жатканын кошумчалады.