БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов кызматынан төмөндөп, вице-премьер болуп дайындалышы мүмкүн. Мындай маселе Жогоргу Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин 21-ноябрдагы күн тартибине киргизилген.
Өкмөт башчынын төрт орун басары бар, алардын бири биринчи деген статуска ээ. Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан кеткенден бери вице-премьерлик орун бош турат.
"Премьер-минист Сапар Исаковдун Толкунбек Абдыгуловду вице-премьер-министрликке дайындоо боюнча сунушу күн тартибиндеги биринчи маселе катары каралып, колдоого алынды", — деп комитеттен билдиришти.
Башка вице-премьер Даир Кенекеев бул боюнча доклад жасады.