БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кыргызстандын өнүгүшүнө жолтоо боло турган болсо, андай парламенттин кереги жок. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды өнүктүрүү улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
Атамбаев жаман айтпай жакшы жок экенин белгилеп, жаралган чектөөлөрдөн улам Кыргызстан өзүнүн аярлуу жактарын билип жатканын айтып, Кыргызстанга жол куруу керектигин кошумчалады. Ал насыя алууга каршы чыгып жаткан депутаттарды Кыргызстандын душманы деп атады.
"Эгер парламентте жөнү жок эле кыйкыра беришпегенде темир жол курулуп, альтернативдүү рынок болмок. Кытай аны курууга макулдугун берген. Инфраструктура үчүн насыя албаш керек деп кыйкырып жаткан депутаттарды укпай, насыя алыш керек. Алар эл душманы. Мындан ары парламент өлкөнүн өнүгүшүнө жолтоо болсо, анда мындай парламенттин кереги эмне? Иши жок калсам да бийликтин кээ бир бутактарын алмаштыра алам", — деди Атамбаев.
Ал ошондой депутаттарды өздөрүн гана эмес, өлкөнүн өнүгүшү тууралуу ойлонууга чакырды.