Сапар Исаков өзүнө чет жактан билим алган дагы бир кеңешчи дайындады

Жазылуу
Мурад Омоев фискалдык саясаттын экономикалык өсүшкө тийгизген таасири тууралуу изилдөөлөрү үчүн Эл аралык валюта фондусунун сыйлыгына ээ болгон

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Мурад Омоев премьер-министр Сапар Исаковдун дагы бир кеңешчиси болуп дайындалганын өкмөт башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Омоев 1979-жылы Токмок шаарында туулган.

"1999-жылы АКШнын Айова штатындагы Graceland College окуу жайынан экономика боюнча билим алып, 2004-жылы Нью-Йорктогу Колумбия университетинин магистратура бөлүмүнөн окуусун улаган. Ал ортодо бир нече эл аралык долбоорлордо эмгектенген", — деп айтылат билдирүүдө.

Премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Бермет Турсункулова маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министрдин жаңы кеңешчиси: мени кызматка эч ким түртмөлөгөн жок
Дүйнөлүк банктагы алты айлык тажрыйба алуудан кийин Вашингтондогу Эл аралык валюта фондусунун департаментинде кенже илимий кызматкер катары иштей баштаган. 2012-жылдан бери ошол эле департаментте экономист катары эмгектенип келет.

Фискалдык саясаттын экономикалык өсүшкө тийгизген таасири тууралуу изилдөөлөрү үчүн Эл аралык валюта фондусунун сыйлыгына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0