Кунт коюп окуңуз! КР президентинин аппараты Мамдуманын депутатына жооп берди

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМамлекеттик думанын вице-спикери Игорь Лебедевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик думанын вице-спикери Игорь Лебедевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин аппаратынын маалыматына караганда, депутат окуянын контексттин такыр түшүнбөй туруп комментарий берген

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин аппараты Мамлекеттик думанын вице-спикери Игорь Лебедевге комментарий берердин алдында документти кунт коюп окуп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: бир кишинин айтканынан көз каранды биримдик ишенимдүү болбойт
Бир катар ЖМКлар ЛДПР фракциясынын өкүлү Лебедевдин "кыргыздар Россияга каршы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн улуттук майрам деп кабыл алды. Буга байланыштуу кыргыздар мындан ары Россиянын айдоочулук күбөлүгүн сынак тапшырып алсын" деген пикирин жарыялаган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Президенттин аппаратынын маалыматына караганда, депутат окуянын контексттин такыр түшүнбөй туруп комментарий берген.

Билдирмеде "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" жөнүндөгү жарлык Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин майрамдалып келген 7-ноябрдын маанисин арттырууга багытталганы белгиленген.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК Казакстандын 100 млн. доллар жардамынан баш тартууну биринчи окууда колдоду
"1916-жылдагы окуяларды биздин өлкөдө Октябрь революциясын позитивдүү кабылдоонун себепкери катары түшүнүү адилеттүү эле көрүнүш. Себеби ошол мезгилдеги Россия бийлигинин алмашуусу кыргыздарга гана эмес, колониалдык эзүү алдында жашаган башка элге да сакталып калууга жана ХХ кылымдын ичинде өздүк улуттук мамлекеттүүлүк түзүүгө жол ачылды. Ал эми 1916-жылдын август жана күз айларында болгон окуялар бир дагы кыргызстандык үчүн эч качан майрам болгон эмес, болбойт дагы. Бул улуттук трагедия, анда курман болгондорду биз өмүр бою эскеребиз. Жарлыкта мунун бардыгы так көрсөтүлгөн", — деп президенттин аппараты билдирди.

Ошондой эле президенттин аппараты Лебедевге бул текстти кунт коюп окуп чыгып, андан кийин Россиянын архивдик агенттиги өткөн жылы чыгарган "Россия менен Кыргызстан. 1916-2016. Тарыхтагы мезгилдер" аталышындагы архивдик документтерди окууну сунуштады.

"Ошондо гана бул теманы бурмалоо, ал аз келгенсип мигранттарга тийишүү адепсиздик экени түшүнүктүү болот", — деп кошумчаланган.

Атамбаевдин жарлыгынын толук тексти менен мамлекет башчынын сайтынан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0