Атамбаев: бир кишинин айтканынан көз каранды биримдик ишенимдүү болбойт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы жаңы рынокторду издөө үчүн өкмөткө тапшырма берерин айтты

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке чоң үмүт артканын 12 мамлекеттин элчилеринин ишеним грамоталарын алып жатып билдирди.

Чек арадагы абал 10-октябрдан тарта оорлой баштаган.

"Биз ЕАЭБге чоң үмүт артып алганыбызды акыркы убактагы кыргыз-казак чек арасында болуп жаткан окуялар көрсөттү. Албетте, эч нерсеге карабастан Россия азыр жана келечекте дагы стратегиялык өнөктөш болуп кала бермекчи. Бирок бир кишинин оюнан көз каранды болгон биримдик ишеним жарата албайт", — деди ал.

Атамбаев ошондой эле өкмөткө товарды сатуу үчүн альтернативдүү рынокторду Өзбекстан менен Кытайдан издөөгө тапшырма бере турганын айтты. Президент өнөр жай товарларын чыгарган атамекендик өндүрүшчүлөргө товарын вагонго салып пломбалап туруп Россияга темир жол аркылуу жөнөтүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0