Кыргызстандын атын өзгөртүү, ЖКны таратуу... Талапкерлердин программасындагы кызыктар

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргыз Республикасынын желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир талапкердин келерки алты жылдыкка өз программасы, эл алдында берген убадалары бар. Sputnik Кыргызстан алардын арасынан кызыктуу жерлерин сууруп чыкты.

Президенттин тулку бою роль ойнойбу? - Sputnik Кыргызстан
Президенттин тулку бою роль ойнойбу? Талапкерлердин бою жана салмагы
Өлкө башчысын тандоого саналуу күндөр калды. Мындан улам биз 13 талапкердин 11инин программаларына, убадаларына көз жүгүгүрттүк. Он бир дегеним талапкерлердин экөө — Камчыбек Ташиев менен Бакыт Төрөбаев башка талапкерлерди колдоого аларын билдирип, шайлоодон өз каалоолору менен четтеди.

Президенттикке ат салышчулардын көбү үй-бүлөгө өзгөчө кам, коопсуздук сыяктуу маселелерге токтолгон. Ошондой эле өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү, парламент менен өкмөттү жоюп салгысы келгендер дагы бар экен.

Азимбек Бекназаров

  • Балык, жер-жемиш, "премиум класстагы" азык-түлүк, дары чөптөрдү өндүрүү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүп, жүз миңдеген кызмат ордун ачуу;
  • Булак сууларын идишке куйган үч миӊ цех куруп, 5-10 миллиард литр суу сатып, 1-1,5 миллиард доллар табуу;
  • Насыя берүүнү ислам принциптери менен ишке ашыруу;
  • Диний секталардын, бейөкмөт жана башка уюмдардын кыргыз улутунун эгемендүүлүгүнө каршы келген иштерин катуу көзөмөлдөө же ишине тыюу салуу;
  • Облустар жоюлуп, Кыргызстан 30дан ашпаган ирилешкен райондорго айланат;
  • Расмий тил жоюлуп, Кыргызстандын бардык мамлекеттик уюмдарында иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, кызмат адамдары мамлекеттик тилде гана сүйлөшөт.

Арстанбек Абдылдаев

  • Баш мыйзамды кыргызчылыкка ылайыкташтыруу;
  • Район, шаардын санын кыскартып, 40 аймакка айландыруу;
  • Жогорку Кеңешти таркатып, 40 аймактан 40 даанышман шайланат, ордо кеңеши түзүлөт;
  • Премьер-министр кызматын жоюп, жоопкерчиликти президентке берүү;
  • Эгемендүүлүктү алгандан берки саясатчылар тескелип, күнөөлүүлөр соттолот.

Арсланбек Малиев

  • Курултай институтун турмуш жүзүнө ашыруу;
  • Сотторду эл шайлайт;
  • Депутаттардын санын эки эсе кыскартып, анын 50 пайызын мажоритардык принцип менен шайлоо;
  • Өлкөнүн аталышын "Кыргыз эл", "Кыргыз жер", "Кыргыз каганаты" же "Кыргыз өлкөсү" деп которууга убакыт жетти. "Стан" жана "республика" сөздөрү кыргыздыкы эмес.

Адахан Мадумаров

  • Мурдагы жоопкерчиликсиз президенттердин мамлекеттеги бийликти бир колго топтоосунун негизинде пайда болгон коом менен мамлекеттин ортосундагы ажырымды жоюу;
  • Жогорку Кеңеш 60 депутаттан турган мыйзам чыгаруу жыйынынан жана ар бир айыл округунун, шаарлардын өкүлдөрүнөн куралган Курултайдан түзүлүш керек;
  • Бардык мамлекеттер менен теңдик, эки тарапка тең пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү;
  • Чет өлкөлөрдө Кыргызстандын маданий имиджин калыптандыруу;
  • Тышкы чалгындоо менен алектене турган өзүнчө кызматты түзүү.

Сооронбай Жээнбеков

  • Алты жылдын ичинде ар бир айылга жок дегенде бир заманбап маданий, эс алуу же спорт борборун куруу;
  • 2020-жылга чейин 370 мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар электрондук форматка өтүп, жарандар менен аткаминерлердин ортосунда түз байланыш азаят;
  • Кыргызстанда мугалим эң жогорку айлык алган адис болот;
  • Коррупция менен күрөштү учурдагы талапкерлердин биринен баштоо;
  • Чакан шаарларга жан киргизүү менен тышкы жана ички миграцияны кыскартуу;

Темир Сариев

  • Россия Федерациясы менен кош жарандуулук келишимине жетишүү;
  • 21 жашка чыга элек улан-кыздарга спирт ичимдиктери жана чылым сатылбашы керек;
  • Бишкектин борбордук бөлүгүн газ менен жүргөн унаалар гана кирчү аймакка айландыруу.

Таалатбек Масадыков

  • Жаңы саясий маданиятты калыптандырып, референдумга бир маселеден ашык алып чыгууну токтотуу;
  • Ички мигранттар социалдык кызматтарды толук кандуу пайдаланышы үчүн жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу.

Токтайым Үметалиева

  • Баланы 18 жашка чыкканча мамлекет багышы керек (медициналык кароолор, билим берүү ж.б.);
  • Бийликке 80 пайыз аялзаты келиши керек;
  • Элге кайрылып келе турган салык сиситемасын киргизүү;

Улукбек Кочкоров

  • Элдик курултай мамлекеттик институт катары кабыл алынат;
  • Сүткорлуктун тамырын кыркуу. Эл аралык уюмдарга тиешелүү чакан насыя берүүчү компаниялардын ишин сүйлөшүү жолу менен Мамлекеттик өнүгүү банкына өткөрүп берилет. Бардык коммерциялык банктар ислам принциптери менен иштөөгө өтүшөт. Насыялар Мамлекеттик өнүгүү банкы аркылуу пайыздык төлөмсүз берилип, мамлекеттик монополия орнойт.

Өмүрбек Бабанов

  • Коррупцияга малынган мамлекеттик органдарды жок кылуу;
  • Коомдогу өзгөчө маанилүү маселелерди курултай жолу менен чечүү;
  • Ар бир дарыяга ГЭС куруу;
  • 80 мамлекет менен виза режимин жоюу;
  • Кош жарандуулук;
  • Паспорт менен айдоочу күбөлүгүн бир документке бириктирип, техпаспортту жана 86 формасындагы медициналык китепчени жоюу;
  • Кылмыштын бетин 10 күндүн аралыгында ачуу.

Эрнис Зарлыков

  • Адистерди жумушка алууда туугандык, саясий байланыштар аркылуу эмес, кесипкөйлүк, тартиптүүлүк жана тунук ойлоруна көңүл буруу;
  • Мамлекеттик буйрутма менен геологдорду, энергетиктерди, ветеринарларды жана айыл чарба, текстиль тармагындагы адистерди дайындоо.
Жаңылыктар түрмөгү
0