Кылмыш иши козголгон талапкердин тагдыры кандай болот

Жазылуу
Президенттикке талапкер шайлоодон кайсы учурда четтеп калышы мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан билсеңиз болот

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. “КРдин президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамда шайлоо процессинин жол-жобосу, анын ичинде шайлоо өнөктүгү маалында президенттикке талапкерлигин койгон адамга карата кылмыш иши козголгон учурда эмне болору толук жазылган. 

Заместитель МВД КР по южному региону Асанов Курсан - Sputnik Кыргызстан
Радио
Асанов: шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу беш иш сотко өттү
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда президент болом деген 13 киши талапкер катары каттоодон өткөн. Кылмыш иши козголгон маалдагы алардын укуктары 21-беренеде жазылган. Анын 10-бөлүмүндө төмөнкүчө жазылып турат:

Кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, катталган талапкер шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнгө чейин, Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз сот тартибинде салынуучу кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы же администрациялык жаза чараларына тартылышы мүмкүн эмес. Кылмыш-жаза ишин козгоо талапкердин шайлануу укугун ишке ашыруусуна тыюу салуу үчүн негиз болуп саналбайт.

Мындан тышкары, талапкер шайлоо өнөктүгүнөн четтетилип кала турган жагдайлар да келтирилген:

  • Талапкер өзү же анын өкүлдөрү үгүт эрежелерин бузганы тууралуу фактылар далилденсе;
  • Талапкердин өзү же анын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары жана жакындарынын добуш сатып алууга же ушундай аракеттерге барганы аныкталса;
  • Талапкердин же анын өклдөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланган фактысы далилденсе;
  • Өзүнүн талапкерлигин алуу боюнча арыз жазса;
  • Шайлоо кампаниясы үчүн шайлоо фондусунан тышкаркы каражатты пайдаланса;
  • Каттоо эрежеси бузулса.
Жаңылыктар түрмөгү
0