Атамбаев БУУда: Кыргызстан Мьянмадагы зомбулукту сындайт

© AP Photo / Seth WenigКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Мьянмадагы диндер аралык жаңжал тууралуу оюн эл аралык аренада биринчи жолу билдирди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстан Мьянмадагы зомбулукту сындайт жана тараптарды көйгөйдү жөнгө салууга чакырат. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып билдирди.

Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет. Чатак аталган мамлекетте бийлик аскерлерден жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалар башталганда күч алган.

"Мьянмадагы абал тууралуу айтпай коё албайм. Кыргызстан зомбулукту сындайт жана тараптарды көйгөйдү жөнгө салууга чакырат", — деди Атамбаев.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-жыйынындагы дебаттардын темасы "Көңүлдү адамга буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулуу" деп аталат.

Алмазбек Атамбаев Башкы ассамблеянын жыйынына биринчи жолу катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0