Капчык кандай, талапкер? Мурунку шайлоо өнөктүгү менен азыркысынын чыгымы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOҮгүт иштери. Архив
Үгүт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн шайлоодо жети талапкер миллион сомго жетпеген акча коротсо, бүгүнкү күндө чыгым бир топ эле жогорулаган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенттигине ат салышып жаткандар шайлоо өнөктүгүнө 2011-жылкы талапкерлерге караганда 1,5 эсе көп каражат сарптаган. Мындай бүтүмгө Sputnik Кыргызстан агенттиги Борбордук шайлоо комиссиясынын айткандарына таянып келди.

18-сентябрга карата чыккан маалымат боюнча 12 талапкер өз шайлоо фондуларынан жалпы жонунан 227 миллион сом сарптаган. Ал эми фондго бардыгы болуп 283,3 миллион сом түшкөн. Демек, учурда фонддо 56,4 миллион сом калды.

Определения порядковых номеров кандидатов в президенты - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлердин бюллетендеги катар номери аныкталды
Ар бир талапкер шайлоо өнөктүгүнө бир миллион сомдон ашуун акча короткон, анын жетөө эки миллионго чейинки каражат чыгымдады. Дагы эки талапкер 2-5 миллион сомдун тегерегинде акча сарптаса, төртөө 10 миллион сомдон ашуун каражат короткон. Бир талапкердин чыгымы 100 миллион сомдон ашканы айтылууда.

Шайлоо өнөктүгү аягына чыга элек, "тынчтык күнү" 14-сентябрга белгиленген. Бул убакытка чейин чыгымдын көлөмү көбөйө турганы анык.

2011-жылы өткөн президенттик шайлоо маалында 16 талапкер 154,2 миллион сом сарптаган. Анда чыгым боюнча тизменин сап башына кампаниясына 43,6 миллион сом кетирген Алмазбек Атамбаев чыккан. 27 миллиондон ашыгыраак акча менен Адахан Мадумаров экинчи болсо, камчыбек Ташиев 20,3 миллион сом сарптаган. Кубатбек Байболов 20 миллион сомго жакын акча короткон. Жалпысынан шайлоо өнөктүгүнө 100,2 миң сом жумшаган Төрөбай Колубаев эң аз акча сарптаган талапкер болуп калды. Дагы алты талапкердин чыгымы миллион сомдон ашкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0