Текебаев Атамбаевдин "келемиштер" жөнүндө айтканына жооп кайтарды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЛетняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате
Летняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Биринчи Май райондук сотунда тараптардын жарыш сөзү болууда

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери менен мурдагы элчи Дүйшөн Чотоновдун сот иши уланып, тараптар жарыш сөзгө чыкты.

Текебаев 2010-жылы 12-майда Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаев айткандай келемиштей болуп жашынбай эле эл менен жолугушууларды өткөргөнүн айтты.

Суд над политиком Омурбеков Текебаевым - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев сотто Megacom мамлекетке кантип алынганын айтты
Белгилей кетсек, буга чейин Атамбаев Чолпон-Ата шаарында журналисттер жана саясат таануучулар үчүн уюштурулган маалымат жыйында 2010-жылдын 12-майында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири калбай жашынып калганын айтып, "Форумдун" балдары бийликти тартып алабыз деген күчтөргө карата каршы турбаганда өлкөдө дагы бир төңкөрүш болуп кетүү коркунучу болгонун белгилеген.

Текебаев 12-май күнү 7-апрелде каза болгондордун жакындары менен жолугушуулар болгонун айтты.

"Роза Отунбаева дал ошол 12-май күнү алдын ала айтылган кооптуулукка карабай аял башы менен Тарых музейинде 7-апрелде каза болгондордун жакындары менен жолуккан. Атамбаев айткандай Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү келемиштей жашынып алган эмес. Ошол эле күнү кечинде "Ата-Бейитке" барып курман болгондорго куран окутулган", — деди Текебаев.

Ал ошондой эле 12-майда болгон Убактылуу өкмөттүн жыйындарына Атамбаев катышпаганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0