Мамдума төрагасы Володин: кыргыз-орус мамилеси мезгил сынынан өттү

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володиндин архивдик сүрөтү
Россия Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вячеслав Володин эки өлкөнүн сөзсүз түрдө чече турган көйгөйлөрү көп экенин билдирген

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен Россия Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володиндин жолугушуусу болуп өттү.

Володин расмий иш сапары менен Бишкекке бүгүн, 28-июнда, келген. Ал кыргызстандык кесиптеши менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң кеңейтилген чөйрөдөгү жолушуу өткөрүштү.

"Кыргызстан менен Россия кызматташтыкты чыңдай турган союздаш мамлекеттер. Биздин өлкөнүн Россия менен мамилеси тышкы саясаттын артыкчылыгы болуп саналат", — деди Турсунбеков.

Ошондой эле төрага Россия мамлекеттик карыздарды кечип бергени үчүн ыраазычылык билдирген.

Өз кезегинде Володин Кыргызстан менен Россиянын алакалары мезгил сынынан өткөндүгүн белгиледи.

"Бизде сөзсүз түрдө чече турган көйгөйлөр көп. Мисалга Россияда жүргөн кыргыз магранттарын айтсак болот. Мындан сырткары, да ар кандай маселер боюнча кызматташышыбыз керек", — деди Володин.

Жолду жаап жаткан милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамдума төрагасынын сапарынан улам Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат
Мамдуманын төрагасы кыргыз-орус мамилелери регионалдык деңгээлде өнүгүп жатканып айтып, буга жакында эле Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Татарстан менен Башкыртстанга болгон сапарлары далил боло аларын кошумчалады.

Мамдума төрагасы Вячеслав Володиндин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен да жолугушуусу пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0