Астанада ШКУ саммити башталды. Кайсы маселелер каралат?

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүВиды Астаны
Виды Астаны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммитте Пакистан менен Индиянын уюмга мүчө болору пландалууда.

АСТАНА, 9-июн. — Sputnik. Казакстандын борбор калаасы Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталды.

Астана шаарына уюмга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн башчылары келди.

Церемония опускания флага в Ваге - Sputnik Кыргызстан
ШКУга Индия менен Пакистан кошулуп, дүйнөдөгү ири уюмга айланат
Астанада өтө турчу саммиттеги негизги маселе Индия менен Пакистандын ШКУга кошулушу болот. Аталган мамлекеттер кошулгандан кийин уюмга мүчө мамлекеттердин калкы дүйнө элинин 43-44 пайызын түзүп, ИДПнын көлөмү 33 триллион долларга жакындайт.

Жыйын аягында Астана декларациясы, экстремизм, террорчулукка каршы күрөшүү боюнча 11 документке кол коюлат.

ШКУ эл аралык уюму 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары тарабынан негизделген. 2016-жылы июнда Өзбекстанда болгон саммитте Индия менен Пакистандын уюмга кирүүсү боюнча Меморандумга кол коюлган. Учурда ШКУга Афганистан, Белоруссия, Иран менен Монголия байкоочулук кылса, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш өлкө катары эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0