Өкмөт башчы министрлер менен чиновниктерге сөгүш жарыялады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч министрге сөгүш жарыяланып, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисин иштен алуу сунушу берилди.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлбөгөндүгүн билдирип, бир катар министрлер менен чиновниктерге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Сөгүш төмөнкү чиновниктерге жарыяланды:

  • Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов;
  • Өзгөн районунун акими Алишер Бакыев;
  • Өзгөн районунун акиминин орун басары Ибадат Мырзаибраимов;
  • Сузак районунун акими Төрөгелди Туркбаев;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов;
  • Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;
  • Финансы министри Адылбек Касымалиев;

Эскертүү алгандар:

  • Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев;
  • Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;
  • Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова;
  • Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев;
  • "Улуттук энергетикалык Холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев.

Ход реконструкции автодороги Бишкек — международный аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
"Манаска" кеткен жаңы жол беш айга жетпей "жыртылып", оңдолуп жатат
Мындан тышкары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна чабал иш алып баргандыгы үчүн "Мамлекеттик камсыздандыруу" уюмунун жетекчиси Бакыт Жумашевди иштен алуу тапшырмасы берилди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош, Жалал-Абад облустарында катталган табигый кырсыктардан улам 29-апрелден 3-майга чейин аймактарда иш сапары менен жүргөн.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, тиешелүү органдардын иштери менен таанышкан. Муну менен катар бир нече мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүүлөрдү берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0