БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапар менен баруусуна даярдыктар көрүлүп жатканын КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылбаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен болгон жолугушуусунда айтты.
Абдылдаев кыргыз-орус дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган кызматтык иш сапарынын алкагында Москвага барган.
"Быйылкы жылга бир катар эки тараптуу форматтагы маанилүү иш-чаралар пландалган. Жогорку даражадагы делегацияларды күтөбүз. Ошондой эле президентибиздин Россияга мамлекеттик иш сапарын пландап жатабыз", — деди министр.
Абдылдаевдин айтымында, 25 жыл аралыгында эки өлкө тең башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөрүп, мамилелер убакыттын сынынан өттү.
Мамлекеттик иш сапар — кайсы бир өлкө менен эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлге жеткенин баса белгилечү иш чара.