Атамбаев Өзгөн жана Ак-Сай кыштоосундагы кырдаалдан кабар алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алуу учурунда. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, айрым аймактарда түзүлгөн өзгөчө кырдаал боюнча маалымат алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Установка палаток в селе Ничке-Сай - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: жер көчкү жүргөн аймактагы мектептин стадионуна чатырлар тигилүүдө
Жолугушууда Боронов Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында төрт үйдү басып калган жана бир үй-бүлөнүн курман болушуна алып келген жер көчкү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирди.

Андан сырткары Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү калың кар жараткан абал тууралуу да маалымат берди.

Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0