Башкы прокуратура: Текебаевдин президент жана мэр тууралуу айткандары суу кечпейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Кой-Таш аймагындагы мурда Максим Бакиевге тиешелүү делген жерге там салып алганын, ал жерди шаар мэри Албек Ибраимовдун аялынан алганын билдирген.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. КР Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин айткандары боюнча фактыларды президенттин тапшырмасы менен текшерип чыкканын билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: Ибраимова 2,7 гектар жерди Атамбаевге 33 миллион сомго саткан
Эске салсак, буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Кой-Таш аймагындагы мурда Максим Бакиевге тиешелүү деген жерге там салып алганын, ал жерди шаар мэри Албек Ибраимовдун аялы Анара Ибраимовадан алганын билдирген. Ошондой эле "Манас" эл аралык аэропортунун аймагындагы учакка тамак жасоочу цех дагы мыйзамсыз алынганын айткан

Текебаевдин Атамбаев Анара Ибраимовадан 27,5 гектар жерди сатып алды деп айткандары тастыкталган эмес. Тийиштүү документтерге ылайык, жер үлүшүнүн чыныгы аянты 2,7 гектар экени аныкталган.

"Ибраимова менен Атамбаевдин ортосундагы кыймылсыз мүлктү соодалоо КРдин мыйзамдарынын негизинде жүргөн. Анын аймагында курулушу бүтө элек имарат "Дастан" ААКтынын ишмердүүлүгүнө тартылган эмес, анын курулушу мыйзамдуу болгон", — деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Ал эми "Дастандын" жогоруда аталган кыймылсыз мүлктөрү Максим Бакиевдин жакын кишилерине таандык деген жүйөлөр боюнча Башкы прокуратура буларды билдирди.

"2008-жылы 24-декабрда "Дастан" транс улуттук корпорациясы (ТУК) менен "А.С.Д." ЖЧКсынын ортосунда аталган объектини сатып-сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Көрсөтүлгөн сумма төлөнбөгөндүктөн, 2010-жылы 20-майда Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими менен бул келишим жокко чыгарылган. Андан сырткары, Убактылуу өкмөттүн декрети менен 2010-жылы 12-августта Максим Бакиевдин жакындарына таандык делгендердин акциясынын үлүшү — 50,45 пайызы улутташтырылып, "Дастан" ААКтын мамлекеттик акциясы 98,64 пайызга көтөрүлүп, мамлекетке кайтарылган", — деп Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүлөрүнө таянып билдирди.

Ошондой эле Текебаевдин "Компания Манас Менеджмент" ЖАК менен учактарга тамак жасоочу цехтин мыйзамсыз сатылып алынганы боюнча айткан жүйөлөрү да тастыкталган жок.

Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: Фарид Ниязов сотко берсин, негизги күбө Сарпашев болот
Бул боюнча башкы прокуратура буларды маалымдады.

"Аталган ЖАКтын акционерлери — Австриянын "Т.& F." (80 пайыз) компаниясы менен "Манас" эл аралык аэропорту" ААК (20 пайыз) болуп саналат. 2015-жылы 7-июлда алардын ортосунда "Компания Манас Менеджмент" ЖАКтын 80 пайыз акциясын 12 миллион долларга сатуу-сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. ЖАКтын 80 пайыз акциясы 936 714 186, 31 сом (15 939 084 доллар) деп бааланган. Бул баалоо көз карандысыз компания тарабынан жүргүзүлгөн. Соодалашуу КР өкмөтү жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен макулдашылган. Белгилей кетсек, баалоого учакка тамак даярдоо цехтен тышкары башкы бардык каражаттар кирген. Алар: инженердик жабдыктар, аба-жүк борборунун жабдыктары, атайын техникалар, автотранспорттук каражат жана башкалар.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин маалымат жыйынында айткандары иш жүзүндө такталбаганын Башкы прокуратура баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0