02:47 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев. Архив

Өзбекстан президентинин милдетин премьер Мирзиеев аткарып турмай болду

© Sputnik / Алексей Дружинин
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
123 0 0

Каза болгон Ислам Каримовдун ордуна Шавкат Мирзиеев убактылуу мөөнөткө президент болуп турмай болду. Ал эми Олий Мажилистин сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашев талапкерлигин алып салды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев президенттин милдетин убактылуу аткарып турмай болду. Мындай чечимди Өзбек республикасынын парламентинин эки палатасы атайын отурумунда кабыл алганын төмөнкү палатанын төрагасы кабарлаганын Sputnik Өзбекстан сайты билдирди. 

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 78 жашында өткөн жума күнү дүйнө салган. 

"Шавкат Мирзиеев бүгүн президенттин убактылуу милдетин аткаруучулукка бекитилди. Ал эми Олий Мажилистин сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашев талапкерлигин алып койду", — деп билдирди агенттикке маалымат булагы. 

Мыйзам чыгаруучу палата жана кенгаш (кеңеш) – парламенттин сенаты 8-сентябрда кезексиз жыйынга чогулуп, анда Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткара турган талапкерди бекитүү каралган. 

Жаңы президентти шайлоо жакынкы үч айдын ичинде өтүшү керек. Парламенттин чечимине чейин Баш мыйзам боюнча өлкө президентинин милдетин Өзбекстан сенатынын төрагасы аткарып турушу керек.

Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин өлкө үч күн аза күтүп, сөөгү 3-сентябрда Самарканд шаарындагы Шахи-Зинда көрүстөнүнө алып келинип, ата-энесинин жанына коюлган.

Тема боюнча

Чет элдик ЖКМлар Каримовдун мураскери, Орто Азиянын келечеги жөнүндө эмне дейт
Ислам Каримов жерге берилди
Белгилер:
президент, Ислам Каримов, Шавкат Мирзиеев, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ