Си Цзиньпин: Кытай КР менен кызматташууну арттыруу үчүн чогуу иштөөгө даяр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев менен Ташкентте ШКУнун саммитинин алкагында жолуккан Кытай төрагасы Си Цзиньпин
Президент Алмазбек Атамбаев менен Ташкентте ШКУнун саммитинин алкагында жолуккан Кытай төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай лидери Атамбаевдин Кыргызстанда туруктуулукту камсыз кылуудагы жана коррупция менен күрөштөгү эмгегин белгиледи.

БИШКЕК, 24-июн.— Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев менен Ташкентте ШКУнун саммитинин алкагында жолуккан Кытай төрагасы Си Цзиньпин КР менен кызматташууну арттыруу үчүн чогуу иштөөгө даяр экенин айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Си Цзиньпин эки өлкө ортосунда акыркы үч жыл ичинде саясий диалог бекемделип, эки тараптуу алака-катыш үзүрлүү болуп жатканын белгиледи.

"Биз эл аралык иштерде бири-бирибизге бардык аянтчаларда колдоо көрсөтүп, элге пайда алып келиш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз", — деди Си Цзиньпин.

Өлкө лидеринин айтымында, Кытай эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө зор көңүл буруп, ар тараптуу кызматташтыкты арттыруу үчүн чогуу иштөөгө даяр. 

"Сиз кызматка киришкенден тарта туруктуулукту камсыз кылууга умтулуп, коррупция менен күрөшкө өзгөчө көңүл бөлдүңүз. Сиздердин ийгиликтерге биз ортоктошпуз", — деди ал.

Кол алышуу жана кучакташуу. Атамбаев ШКУнун Ташкенттеги саммитине каты - Sputnik Кыргызстан
Кол алышуу жана кучакташуу. Атамбаев ШКУнун Ташкенттеги саммитине катышууда
Президент Атамбаев Кыргызстан менен Кытай ортосунда эки тараптын кызматташтыгына тоскоол боло турган олуттуу карама-каршылыктар жана талаштар жок экенин айтты. 

Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытай менен коопсуздук жаатында кызматташтык чыңдалып жатканын жана кытайлык өнөктөштөрдүн "үч жамандык" — экстремизм, терроризм жана сепаратизм менен күрөшүү боюнча аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0