Атамбаев Ташкентте терроризм жана Афганистандагы абал боюнча маселе көтөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги ШКУ саммитинде
Президент Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги ШКУ саммитинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммити өтүп жатат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги саммитинде сүйлөп жатып Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) терроризм, экстремизмге системалуу каршы турушу керектигин айтты. 

Ал ШКУ айдыңында жана дүйнө жүзүндө абал жөнөкөй эмес экенин белгиледи. Президент региондо "Ислам мамлекети" террордук уюмунун күчтөрү жана башка экстремисттик топтор жалпы коопсуздукка коркунуч келтирип жаткандыгын белгиледи. 

"Жарандарыбызды террордук уюмдарга тартып, аларды үгүттөө менен кандуу кагылышуу болуп жаткан аймактарга жөнөтүп жаткандыктары бизди тынчсыздандырат. Бул аракеттерди террористтик согушчан топторду даярдоо эле эмес, экстремизм идеологиясын жайылтуу катары баалап, ага системалуу түрдө каршы туруу керек деп эсептейм", — деди Алмазбек Атамбаев.

Ал Афганистандагы абалды БУУ координациялап, ага ШКУнун катышуусу зарылдыгын белгиледи. 

"Биз коңшуларыбыздын тынчсызданууларын тең бөлүшөбүз. Биз Ооганстанда тынчтыктын жана туруктуулуктун орношуна кызыкдарбыз. Ошондуктан саясий жөнгө салуу иштери бардык тараптардын катышуусу менен БУУнун координациясы алдында жүргүзүлүш керек жана албетте, Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууга ШКУ да активдүү катышуусу керек", — деди Атамбаев.

Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттеринин мааракелик саммити өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0