Диабеттен куралдуу күчтөргө чейин: КМШ өкмөт башчылар кол койгон документтер

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүКөз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынга Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Казакстан, Молдова, Тажикстандын премьер-министрлери жана Азербайжан, Өзбекстан, Армения жана Түркмөнстандын вице-премьерлери катышты.

БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Бүгүн, 7-июнда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, натыйжада 22 документке кол коюлду.

Жыйын Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүп, ага Россия, Белоруссия, Казакстан, Молдова, Тажикстандын премьер-министрлери жана Азербайжан, Өзбекстан, Армения жана Түркмөнстандын вице-премьерлери катышты.

Жыйын соңу менен төмөнкү документтерге кол коюлду:

Чарадагы боорсок. Архив - Sputnik Кыргызстан
КМШ өкмөт башчыларын тамшандырган боорсокту ким жасаган?
1. Мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу эрежелери жана процедуралары жөнүндө 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимге мүчө-мамлекеттер ортосундагы протокол жөнүндө чечим;

2. Агробиотүрдүүлүктү сактоо жөнүндө конвенция;

3. Үстүбүздөгү 2015-жылы 2020-жылга чейинки КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекет аралык инновациялык кызматташтык программасын жана 2015–2016-жылдарга карата 2020-жылга чейинки КМШга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет аралык инновациялык кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу чечим;

4. Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттерде 2020-жылы калкты каттоо өткөрүү тууралуу чечим;

5. "Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкынын ден соолугу" стратегиясы;

6. КМШга мүчө мамлекеттердин электроэнергетикалык объектилериндеги авариялар жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу келишим;

7. КМШга мүчө мамлекеттердин электроэнергетика жаатындагы кесиптик билим берүү багытындагы кызматташтыгы жөнүндө келишим;

Медведев КРдин газ тармагына салына турчу миллиарддаган инвестиция туу - Sputnik Кыргызстан
Медведев КРдин газ тармагына салына турчу миллиарддаган инвестиция тууралуу айтты
8. КМШга мүчө мамлекеттердин радиоактивдүү булактарды жылдыруу маселеси боюнча маалыматтык өз ара аракеттенишүү тууралуу келишими;

9. КМШга мүчө мамлекеттердин химиялык өнөр жай тармагында жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жаатындагы концепция;

10. КМШга мүчө мамлекеттердин онкологиялык ооруларга каршы туруу жаатында кызматташуу концепциясы;

11. КМШга мүчө мамлекеттердин 2016–2020-жылдарга кант диабетинин алдын алуу жана дарылоо боюнча кызматташуу программасы;

12. КМШга мүчө мамлекеттердин "ART EXPO" Эл аралык көргөзмөсү жөнүндө чечим;

13. КМШга мүчө мамлекеттердин базалык уюмдары жөнүндө чечими:

13.1. КМШга мүчө мамлекеттердин транспорттук комплексти өнүктүрүүнү илимий-техникалык камсыздоо багытындагы базалык уюмдары жөнүндө;

13.2. КМШга мүчө мамлекеттердин химиялык тармактагы кадрларды даярдоо, кесиптик жактан кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча базалык уюмдары жөнүндө;

13.3. КМШга мүчө мамлекеттердин жаштар менен иштөө боюнча базалык уюмдары жөнүндө;

13.4. КМШга мүчө мамлекеттердин жаштар ишкерлигин өнүктүрүү боюнча базалык уюмдары жөнүндө;

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КМШнын Аткаруу катчысы Сергей Лебедевди кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Премьер Жээнбеков КМШнын Аткаруу катчысы Лебедевди кабыл алды
13.5 КМШга мүчө мамлекеттердин аскер метрологиясынын көйгөйлөрүн иликтөө жана куралдуу күчтөрдү метрологиялык камсыздоо багытындагы базалык уюмдары жөнүндө;

13.6. КМШга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөр үчүн минадан тазалоо жаатындагы адистерди даярдоо боюнча базалык уюмдары жөнүндө;

14. 2016-жылга карата Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим;

15. КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржыланган Шериктештик органдарынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн 2015-жылкы документалдык ревизиялоонун жыйынтыктары тууралуу чечим;

16. Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө чечим.

Жаңылыктар түрмөгү
0