05:45 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Ата Мекен фракциясынын желекчеси. Архив

"Ата Мекен" 4 президенттин жана 25 өкмөт башчынын отчётун талап кылууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
250 0 0

Депутаттар отчёт Кыргызстандын кийинки жасай турган кадамы жана багыты үчүн зарыл деп эсептешет.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы эгемендүүлүктөн берки өлкөнү башкарып келген төрт президент жана 25 премьер-министрден отчёт алууну көздөйт. Бул тууралуу аталган фракциянын жыйынында айтылганын катчылык билдирди.

Жыйын фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган иш-чаралар боюнча маалымат берилди.

"Жыйында мамлекеттик масштабдагы мааракелик иш-чараларга көп каражат сарпталары айтылды. Депутаттар Чүй облусунун 90 жылдыгын белгилөөгө корогон 2,5 миллион сомду социалдык муктаждыктарга жумшоо пайдалуу болмоктугуна токтолушту", — деп айтылат билдирүүдө.

Фракция Кыргызстан өнүгүү жолун так аныктап алышы керектигин белгилеп, бул үчүн өкмөттүн 25 жылдык отчёту зарыл экени белгиленди. Депутаттардын айтымында, эгемендүүлүктөн берки өлкө абалы боюнча төрт президент жана 25 премьер-министр саясат, экономика жана социалдык тармак боюнча отчёт берүүлөрү керек. Ал 2005-жылга чейин, 2010-жылга чейин жана андан кийинки болуп үч этапка бөлүнөт.

Депутаттар отчёт Кыргызстандын кийинки жасай турган кадамы жана багыты үчүн зарыл деп эсептешет.

Тема боюнча

Сариева анын отставкасын ким каалап жатканын божомолдоду
Өкмөт ашыкбаш мамкызматкерлерден арылат
Белгилер:
премьер-министр, президент, "Ата Мекен" фракциясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ