Атамбаев ЖКга премьердин министрлерди иштен алуу сунушун киргизүү укугун кеңейтүүнү тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин аппараты Жогорку Кеңеш депутаттарына расмий кайрылуу жолдоду.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке өкмөт башчынын министрлерди кызматтан алуу боюнча сунуш киргизүү укугун чектеген мыйзамдагы кемчиликтерди жоюуну сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин тапшырмасы менен анын аппараты дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңеш депутаттарына "КРдын өкмөтү жөнүндө" мыйзамындагы премьер-министрдин өкмөт мүчөлөрүн жумуштан алуу боюнча сунушту президентке киргизүүдөгү укуктарын чектеген кемчиликтерди жоюу тууралуу сунуш жолдоду.

Буга чейин мекемелер аралык комиссия Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушунда бир катар мыйзам бузууларга жол берген Транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчилигинин аталган кызматка ылайыктуулугун карап чыгуу сунушун берген. 

Анын негизинде премьер-министр Темир Сариев өлкө башчысына транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунуш киргизген, бирок президенттин аппараты документтин негиздерин тактоо үчүн аны артка кайтарган. Өкмөт жөнүндө мыйзамдын 24-беренесинин 3-бөлүмүндө премьер-министрдин сунушу менен өкмөт мүчөсүн президент кызматтан бошоткон учурлар так аныкталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0