БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Женева жана Нью-Йорк шаарларындагы Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду.
Ага ылайык, Кыргызстандын БУУ жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп Данияр Мукашев дайындалды. Дагы бир буйрук менен КРнын Нью-Йорк шаарындагы БУУ өкүлдүгүнө Миргүл Молдоисаева бекитилди.
Буга чейин Мукашев ТИМ алдындагы эл аралык мамилелер жана коопсуздук департаментинин башчысы болуп иштеген.
Ал эми Миргүл Молдоисаева өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүн жетектеп келген.