11:36 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Республика — Ата-Журт фракциясынан келген жаңы депутат Жыргалбек Саматов.

Сот аркылуу депутаттык мандатка жеткен Саматов ант берди

© Фото / пресс-служба ЖК КР
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
92 0 0

БШК декабрь айында Жыргалбек Саматовго депутаттык мандат тапшырып, кийин анын кош жарандуулук боюнча талаш маселесинен улам кайра алып алган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынан келген жаңы депутат Жыргалбек Саматов Жогорку Кеңеште ант берди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Саматовду Россиянын жараны деген жүйө менен депутат катары каттабай койгон. Депутаттыкка талапкер сотко кайрылып, анын чечими менен БШКнын аракети мыйзамсыз деп табылган. 

Өткөн жылдын 7-декабрында БШК соттун чечимин орундатып, Саматовго мандат берген. Бирок бир жумадан кийин анын кош жарандуулугу боюнча Федералдык миграциялык кызматтын катын тастыктоо зарылдыгына таянуу менен мандатынан ажыраткан. Анда Саматов ант берүүгө үлгүргөн эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 11-январында БШК соттун чечиминин негизинде Саматовго депутаттын төш белгисин тапшырды.

Жаңы депутат Болотбек Ибраимжановдун ордуна келди.

Тема боюнча

"Ата Мекен": Сапарбаев айлык акынын аздыгынан депутаттыктан кетүүдө
Казакстандын парламент депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштоодо
Белгилер:
ант, депутат, БШК, Жогорку Кеңеш, Жыргалбек Саматов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ