Атамбаевдин эл аралык аренадагы көз карашы түркмөндөр үчүн абдан баалуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаева в Ашхабад
Визит президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаева в Ашхабад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев түркмөн кесиптеши менен жолугушуп, өлкө башчылар эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ашхабад шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин иш сапары кечээ, 11-декабрда башталган. Бердымухамедовго "Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу" эл аралык конференциясына катышып кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Түркмөнстан БУУ нейтралитетин бекиткен биринчи мамлекет болуп саналат. Өлкө туура тандоо жасагандыгын акыркы 20 жыл көрсөттү: мамлекет ийгиликтүү өнүгүп, өзүнүн экономикалык өнүгүшүнө таянып, коңшу өлкөлөргө да колдоо көрсөтө алат", — деди Атамбаев. 

Өз кезегинде Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен билдирди. 

"Сиздин эл аралык аренадагы көз карашыңыз биз үчүн абдан баалуу. Ар дайым демилгелерибизди колдогонуңуз бизди абдан кубандырат. Эл аралык конференцияда регионалдык жана глобалдык деңгээлде кызматташуу маселелерин талкуулаганга жакшы мүмкүнчүлүктөр болот", — деди Бердымухамедов.

Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары, натыйжалуу диалог жүргүзгөндүгү тууралуу жакшы эскерүүлөр калгандыгын эске салды. 

"Эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү үчүн биз дагы көп иштерди жасашыбыз керек", — деп баса белгиледи ал.

Тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө ишеним артышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0