БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Катар менен Бириккен араб эмирлигине жаңы элчилерди дайындаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп Нуран Ниязалиев дайындалды. Ал буга чейин КР Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар департаментин жетектеген.
Ал эми Бириккен араб эмирлигиндеги Кыргызстандын элчиси болуп КР Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатын анализдөө, пландоо жана координациялоо департаментинин мурдагы директору Чыңгыз Эшимбеков дайындалды.
КР президенти Алмазбек Атамбаевдин расмий сапарынан кийин бул эки мамлекетке элчилик ачылды.